Марал Радиосу

ӨКМ 23-26-июль күндөрү сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти

23-июлдан 26-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөнү жана таштанды таштабоону эскертет.

Турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушу керек. Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруу зарыл.