Марал Радиосу

Британия: Кыргызстандык окуучулар математика боюнча олимпиадада төрт медаль утушту

Кыргызстандын математика боюнча курама командасы Улуу Британияда өткөн математика боюнча олимпиадада (International Mathematical Olympiad 2024 (IMO) биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи.

Бул олимпиадада Кыргызстандан барган окуучулар бир алтын, үч күмүш медаль утуп, 2 ардак грамотага ээ болушту.

Алтын медалды № 61 мектеп-лицейинин окуучусу Назар Киргизбаев 29 упай менен алды. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов.

Күмүш медалды “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Ян Бобрус — 24 упай), Эл аралык UWIS мектебинин окуучусу Элдар Искендеров — 23 упай, Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин окуучусу Искен Кенжебаев — 22 упай менен утуп алышты.

Ардак грамота ээлери —  “Газпром кыргызстан” мектебинин окуучусу Нурсултан Эшперов — 13 упай, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин окуучусу Султан Мусаходжаев — 11 упай).

Кыргызстандын курама командасынын олимпиадага барып келүү чыгымы толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланган.

Окуучуларды олимпиадага мугалимдер Мамат Ишматов, Азамат Аскаров даярдашкан.

Эл аралык математикалык олимпиада 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өтүп, 600дөн ашуун окуучу катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинде алдыңкы үчтүккө АКШ, Кытай, Түштүк Корея өлкөлөрү кирсе, Финляндия 36-орун, Казакстан 43-орун, Малайзия 44-орун, Эстония 47-орун, Швейцария 50-орун, Индия 51-орун, Өзбекстан 61-орун, Сауд Арабия 63-орунду ээледи.