Марал Радиосу

Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги курулмалар боюнча комиссия түзүлдү

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулмаларды, жер тилкелерин тактоо иштери жүргүзүлөт. Ал үчүн жумушчу комиссия түзүлгөнүн мэриядан кабарлашты.

Комиссияга тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди, алар дарыянын жээгиндеги жер тилкелерин аныктап, анализдеп, сунуш беришет.

14-июлда катуу жаандан кийин Оштогу Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, бир катар айылдарды сел каптады. Анын кесепетинен беш киши каза болуп, турак үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты.