Марал Радиосу

22-июлдун аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-июлда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…18, күндүз +28…+33

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +26…+31

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21°, күндүзг+35…+37° болот.