Марал Радиосу

Кыргызстан менен Өзбекстан кинематография жаатында кызматташат

“Кыргызстандын Өзбекстандагы кыргыз кино күндөрүнүн” ачылыш аземинде Кыргызстандын маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов менен Өзбекстандын маданият министрлигине караштуу Кинематография агентствосунун директору Шухрат Ризаевдин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул документке тармактагы байланыштарды өнүктүрүү, өз ара кызматташтыкта фильмдерди тартуу, эки өлкөдө кино күндөрүн өткөрүү, ошондой эле кино тармагындагы эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү максатын көздөйт.