Марал Радиосу

Ош-Раззаков жолу ачылды

Ош-Баткен-Раззаков жолунун 63-чакырымында автоунаалар үчүн каттам жанданды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникаця министрлиги билдирди.

Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылында 18-июлда саат 20:15 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен кыян жүрүп, селге айланган. Суу убактылуу орнотулган бетон түтүктөрүн агызып кеткен. Абшыр-Сай дарыясына бетон түтүктөр кайра орнотулуп, автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилди.