Марал Радиосу

Президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 18-19-июлда Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап жатып, президенттер жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган билдирүүлөрүндө жетишилген макулдашуулар стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеп, кеңейтет деген ишенимин билдиришти.

19-июль күнү кечинде Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.