Марал Радиосу

Оштогу борбордук базар көчүрүлөт

Ош шаарындагы борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Күн мурун мэр Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын борбордук базары көчүрүлө турган жер тилкесин көрүп чыкты.

Курула турган базар Ош автоунаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жер тилкесине жайгашат. Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилди.

Жаңы базарда соодагерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп берилет.