Марал Радиосу

Экс-спикер Турсунбековдун кыздары кармалганы айтылууда, бири үй камагына чыккан

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбековдун эки кызы кармалганы кабарланууда. Бул тууралуу Kaktus media сайты өз булактарына таянып жазды.

Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова 24-августка чейин камакка алынганын Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Турсунбековдун дагы бир кызы Бегимай Чыныбай кызы 26-августка чейин үй камагына чыгарылган.

Соттун маалыматына караганда, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) менен иш козголгон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2022-жылы декабрда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатына мыйзамсыз берилип кеткен 371 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылганын билдирген.

2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын жеке менчигине Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган, анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.