Марал Радиосу

АКШ: Трамп президенттикке талапкер болууга расмий макулдугун берди

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Республикалык партиядан президенттикке талапкер болууга расмий макулдугун берди. Бул тууралуу ал Милуокиде өткөн партиянын съездинде билдирди.

Трамп Пенсильванияда өмүрүнө кол салуу болгон учур жөнүндө айтты. Кулагын таңып алып сөз сүйлөгөн. Ал мурда президент болуп турганда АКШнын экономикасы жогорулаганы тууралуу, 36 триллион доллардан ашкан федералдык карыз менен салыктарды кыскартуу жөнүндө сөз кылды.

16-июлда АКШнын Милуоки шаарында өткөн курултайда Республикалык партиянын Улуттук конвенциясы Дональд Трампты президенттикке талапкер катары көрсөткөн.

Пенсильванияда өткөн шайлоо алдындагы митинг учурунда Дональд Трампка кол салуу болгон.

АКШда президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрга белгиленген.