Марал Радиосу

Бишкекте 7-троллейбус каттамга чыкты, бирок кыймылы өзгөртүлдү

Бишкекте №7 троллейбустук каттам кайрадан линияга чыкты, бирок кыймылы өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

№7 троллейбус “Ак Өргө” конушунан “Туңгуч” кичирайонуна чейин каттайт. Буга чейин каттам Киев көчөсү менен жүрсө, эми ал убактылуу Москва көчөсү менен жүрөт. Маршруттун калган бөлүгү өзгөрүүсүз калат.

Мэрия убактылуу өзгөрүүлөр жолдорду капиталдык оңдоого байланыштуу экенин билдирет.