Марал Радиосу

Административдик-аймактык реформа жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Максаты айыл аймактардын жана шаарлардын деңгээлинде пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын натыйжалары боюнча өлкөнүн бардык региондорунда административдик-аймактык бирдиктерди түзүүгө жана бекитүүгө багытталган.

Мыйзам менен жалпысынан 235 бириккен айылдык аймактын жана республикалык, облустук, райондук маанидеги 33 шаардын администрациялык чек аралары бекитилет.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдиргендей, пилоттук долбоордун алкагында Баткен облусунда Кадамжай районунда 13 айыл аймагы сегизге ирилештирилди.

Жалал-Абад облусунда 67 айыл аймагы 37ге ирилештирилди. Шамалды-Сай райондук маанидеги шаар болду. Жалал-Абад шаарынын аймагы кеңейип, калкынын саны өстү.

Ысык-Көл облусу боюнча 61 айыл аймак 22ге бириктирилип, Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларына жакын жайгашкан бирден айыл аймактар кошулду.

Нарын облусунда 63 айыл аймак 27 айыл аймакка ирилештирилди. Ош облусунда 88 айыл аймагы 58ге бириктирилди. Төлөйкөн жана Кызыл-Кыштак айыл аймактары Ош шаарына карап калды.

Талас облусунда 37 айыл аймак 16га бириктирилди. Чүйдө 105 айыл аймак 49га ирилештирилип, сегиз айыл аймак Бишкек шаарына кошулду. Кант жана Кара-Балта шаарларына облустук маанидеги шаар макамы берилди.

Бишкек жана Ош шаарлары мамлекеттик маанидеги өнүгүү борборлору болот.

Өкмөттөн билдиришкендей, айыл-аймактарды ирилештирүү долбоорлору жергиликтүү калк менен талкууланып, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин сессияларында депутаттар тарабынан каралган.