Марал Радиосу

Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүүдө

Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү ачылды. Анын ачылышына Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев катышты.

Программанын алкагында гала-концерт уюштурулуп, анда кыргыз жана өзбек драма театрларынын актерлорунун аткаруусундагы “Улут жүзү” театралдык оюну, ошондой эле Нурдин Тугелов атындагы Кыргыз мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамбли аткарган “Эргиме” хореографиялык композициясы тартууланды.

Муса Баетовдун репертуарынан “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин аткаруусундагы “Сагынам” чыгармасы жаңырды.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен 18-июлда барды.