Марал Радиосу

Кайсы азыктардын баасы өстү? Тизме

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги 2024-жылдын июнь жана июль айларына карата өлкөдө азык-түлүктүн баасын эсептеп чыкты.

2024-жылдын  июнь айына карата азык-түлүктүн баасын эске алуу менен республика боюнча жашоо минимумун эсептей келгенде бир айда бир жаранга 8050 сомду түздү, ал эми 2024-жылдын июль айына карай эсептелген жашоо минимуму 7959 сомду түздү жана июнь айы менен салыштырмалуу 1,13% га төмөндөдү.

Улуттук статистика комитетинен берилген маалымат боюнча, жашоо минимуму 7769,17 сомду түзөт жана орточо айлык маяна 33 миң 664 сом.

Көбүнчө жашылча жемиштер, сүт азыктары жана бакча өсүмдүктөрүнүн бааларында өзгөрүүлөр болгон.   

Июнь Июль
Азыктардын тизмеси
1-сорттогу буудай уну – 42 сом,

1-сорттогу нан – 31 сом,

Күрүч – 159 сом,

Гречка – 78 сом,

Пияз – 25 сом,

Помидор – 111 сом,

Бадыраң –71 сом,

Сабиз – 37 сом,

Капуста – 29 сом,

Картөшкө – 30 сом,

Төө буурчак – 105 сом,

Кумшекер – 85 сом,

Өсүмдүк майы – 116 сом,

10 даана жумуртка – 112 сом,

Алма – 120 сом,

Кой эти – 561 сом,

Уй эти – 512 сом,

Канаттуулар эти – 307 сом,

Балык –399,

Чийки сүт – 44 сом,

Айран – 61 сом.

1-сорттогу буудай уну – 44 сом,

1-сорттогу нан – 29 сом,

Күрүч – 132 сом,

Гречка – 74сом,

Пияз – 36 сом,

Помидор – 100 сом,

Бадыраң –63 сом,

Сабиз – 36 сом,

Капуста – 29 сом,

Картөшкө – 23 сом,

Төө буурчак – 71 сом,

Кумшекер – 86 сом,

Өсүмдүк майы – 130 сом,

10 даана жумуртка – 111 сом,

Алма – 117 сом,

Кой эти – 542 сом,

Уй эти – 517 сом,

Канаттуулар эти – 350 сом,

Балык –432 сом,

Чийки сүт – 42 сом,

Айран – 62 сом.