Марал Радиосу

Кыргызстандык шахматчылар Батыш Азия чемпионатында 4 медаль утушту

Шахмат боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы Шри-Ланканын Калутара шаарында өткөн Батыш Азия чемпионатында 4 медаль — 2 алтын, 1 күмүш, 1 коло утуп алышты.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Эржан Жакшылыков шахматтын классикалык жана блиц түрүнөн 1-орун, рапид түрүнөн 3-орунду ээледи.

Кыздар арасында Үмүтай Смагулова блиц түрүнөн күмүш медаль утуп алды. Мелдеш 7-16-июль күндөрү өтүп, жалпы он өлкөдөн 328 шахматчы катышты.

Кыргызстандын командасын машыктыруучу Медет Жапаров жетектеп барды.