Марал Радиосу

Телефон шылуундары дээрлик 49 млн сомдук зыян келтиришкен

Кыргызстанда телефон шылуундары тарабынан жарандарга дээрлик 49 млн сомдук материалдык зыян келтирилген. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Акрам Кадыржанов маалымат жыйынында айтты.

Бул сумманын 20 млн 658 миң сому жабыркагандарга кайтарып берилген.

Январь айында 1427 жаран “жакыныңыз аварияга кабылды, тез арада да акча каражаты керек” дегендер байланышка чыкканын айтып милицияга кайрылган.

Мындан тышкары, жыл башынан бери “банк кызматкеримин” деген телефон шылуундарынын тузагына кабылган 60 адамдан кайрылуу түшкөн.

Учуда телефон шылуундарын арыздардын негизинде аныктоо иштери уланууда. Айрымдары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.