Марал Радиосу

«Манас» аэропорту АКШга түз аба каттамдарын ачууну караштырып жатат

Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Данияр Бостонов, “Манас” аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана коммерциялык директору Аман Мамаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Анда Бишкектен Нью-Йоркко же Чикагого түз авиакаттамдарды ачуу, ошондой эле жүк ташууларды уюштуруу, эл аралык жеткирүү кызматын ачуу боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

АКШнын элчиси Лесли Вигери Кыргызстандын жарандык авиациясына Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) эл аралык аудитинен өткөнү тууралуу оң пикирин билдирди.

«Эл аралык жарандык авиация уюмунун аудитинен өтүү ар бир өлкө, анын ичинде Кыргызстан үчүн да өтө маанилүү. ИКАОнун аудити улуттук авиациялык стандарттардын жана практикалардын эл аралык талаптарга шайкештигин баалайт, бул учуу коопсуздугуна, эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимине жана өлкөнүн авиация тармагындагы жалпы аброюна таасирин тийгизет», — деди элчи.

“Манас” аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов АКШ менен Кыргызстандын авиация тармагындагы кызматташтыгы Кыргызстандын авиациялык коопсуздугун, инфраструктурасын жана экономикалык өнүгүүсүн олуттуу жакшыртууга, авиациялык коопсуздукту чыңдоого, мамлекеттердин ортосундагы саясий жана дипломатиялык мамилелерди бекемдөөгө мүмкүн болгон стратегиялык маанилүү демилге экенин белгиледи.