68 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын жетекчиси Бактыгүл Мырзаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Ысык-Көлдүн Өрнөк айылында 17-июлда болгон жол кырсыкта Бактыгүл Мырзаева жолдошу жана небереси менен көз жумган. Каза болгондор Кыргызстандын БУУдагы өкүлү, мурдагы депутат Аида Касымалиеванын ата-энеси экени маалым болду.
Бактыгүл Мырзаевна 1977-жылдан 1979-жылга чейин Өзгөн райондук китепканасында бөлүм башчы болуп иштеген.
1979-1982-жылдары Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагында китепканачы, усулдук бөлүмдүн башчысы, 1993-жылы аталган китепкананын директору кызматында эмгектенген.
1996-1999-жылдары Ош шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болгон.
1999-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын директору болуп иштеп келген.