Марал Радиосу

Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүсү кармалды

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына жарандар арыз менен кайрылып, Аламүдүн райондук милициясынын айрым кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранышкан.

Арызда көрсөтүлгөндөй, алар 2024-жылдын 11-июль күнү саат 18.00 чамасында Аламүдүн районунун ИИБнин имаратында уурулук фактысы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну айтып коркутушуп, кылмыш ишин токтотуулары үчүн 50 миң сом талап кылышкан.

15-июль күнү ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

17-июль күнү болжол менен саат 18:10до Аламүдүн райондук ИИБнын иш бөлмөсүндө 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алгандан кийин тергөөчү 1996-жылы туулган Э.М.  кармалган.

Аны тинтүү учурунда мурда белгиленген 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган. Ошол эле күнү кармалган тергөөчү Э.М. Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылу кармоочу жайына киргизилген.