Марал Радиосу

Өзүн президенттин жана УКМК төрагасынын жардамчысы катары тааныткан адам кармалды

Алдоо жолу менен 80 миң АКШ долларын алууга шектелген Бишкек шаарынын тургуну 1978-жылы туулган  Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Шектүү жаран А.А. аттуу жарандын арызы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам кызматкерлери жана ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан кармалган.

Ал өзүн жабырлануучуга өлкө башчысынын жана УКМК төрагасынын жардамчысы катары тааныштырган. 2024-жылдын февраль айында башка кылмыш иши боюнча материалдык зыяндын ордун толтурууга жардам берүүнү убада кылып, жабырлануучудан 80 миң АКШ долларын алган. Бирок акча каражаттарын алгандан кийин изин жашырып кеткен.

Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

ИИМ бул жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо, төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөт: 0707 868 668, 0701198219, 0779 443 455, ИИМдин КИББдин нөөмөт бөлүгү: 0312 266 261.