Улуттук банк 18-июлга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун аныктады.
Банктын сайтындагы маалыматка таянсак, доллардын курсу акыркы суткада 0,32%га төмөндөп, 84,95 сом деп белгиленди.
Евронун курсу 0,06%га жогорулап, 92,96 сомду түздү.
Орус рублинин курсу 0,5%га төмөндөп, 0,9614 сом деп белгиленди.
Казак тенгесинин курсу 0,39%га төмөндөп, 0,1789 сомду түздү.
Улуттук банк 12-июлда интервенция жасап, валюта базарынан 34 млн 300 миң АКШ долларын сатып алды. Бул жыл башынан бери чет элдик валютаны сатып алуу боюнча 11-интервенция.
Акыркы убакта өлкөдө сомго карата чет элдик валюталардын курсу төмөндөөдө.