Марал Радиосу

Бишкектеги он автобус каттамынын кыймылы өзгөрдү

Бишкектеги Чүй проспектиси жабылганына байланыштуу 10 автобус каттамынын кыймылы өзгөрдү.

18-июлдан тарта Чүй проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Капиталдык оңдоонун биринчи этабында Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.

Буга байланыштуу автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөрдү.

Алар: №34, 48, 7, 17, 38, 42, 107, 166, 203, 212.