Марал Радиосу

«Манас» аэропортунда жаңы VIP залы ачылды

“Манас” эл аралык аэропортунда жаңы заманбап VIP залы ачылды. Ал “Манас 2” имаратынын экинчи кабатында жайгашкан. Бул тууралуу аталган аба майдандан кабарлашты.

VIP залда жогорку класстагы эл аралык стандарттарга жооп берген шарттар бар экени айтылды. Эс алуу жана иштөө үчүн атайын бөлмөлөр, эне жана бала бөлмөсү, намазкана, ыңгайлуу дааратканалар бар.

VIP залы ошондой эле ыңгайлуу, экологиялык жактан таза премиум класстагы автоунааларда трансфер кызматтарын көрсөтөт.

«Манас» эл аралык аэропортунда VIP залдын ачылышы биздин ар бир саякатчы үчүн жогорку кызмат көрсөтүүгө жана жагымдуу эскерүүлөрдү түзүүгө болгон умтулуубузду билдирет. Саякаттарыңыз жеңил жана жагымдуу болуп, асманыңыз ар дайым ачык болсун, бул асман бизден башталсын», — деп белгиледи «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчиси Манасбек Самидинов.