Марал Радиосу

Президент турак жайларды камсыздандырууга чакырды

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде селден жабыркаган, каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле селден жабыркагандарга мамлекет тараптан жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Муну менен катар элди турак жайларын камсыздандырууга үндөдү.

“Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем.

Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүш керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле.

Ошондуктан учурдан пайдаланып бардык жарандардан мамлекеттик камсыздардыруу компаниясына мүлктөрүңөрдү каттаткыла дейт элем. Көп деле акча болбойт. Кокус кырсык болсо камсыздандыруу компаниясы мүлкүңөрдүн ордун толук толтуруп берет. Ал – мамлекеттик компания. Мамлекеттин көзөмөлүндө болот» , — деди Садыр Жапаров.

14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын жана бир катар айылдарды каптаган. Сел беш адамды агызып кеткен.

Мындан тышкары, Кара-Суу районунун аймагында 7,5 миң абоненттин жарыгы үзгүлтүккө учураган, жүздөгөн турак жай жабыркады.