Марал Радиосу

Сел жүрүшү, таш кулашы мүмкүн болгон аймактар айтылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигиние караштуу Кыргызгидромет борбору 18-22-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, унаа жолдордо таш көп кулашы мүмкүн экенин эскертти.

Баткен облусунун сел жүрүү коркунучу бар делген аймактар белгиленди. Алар:

Баткен, Лейлек, Кадамжай райондору; Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Токтогул, Ноокен райондору; Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондору; Ысык-Көлдүн Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондору; Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондору; Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы райондору; Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактары.

Унаа жолдоруна сел жана таш кулоого кооптуу тилкелери айрыкча:

— Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;

— Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65,  68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;

— Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдарында;

— Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;

— Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;

— Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;

— Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;

— Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 -чакырымындарында сел жүрүүсү жана таш кулоосу активдешүүсү мүмкүн.