Марал Радиосу

Бишкектеги Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Мэриянын маалыматына караганда, 18-июлдан тарта Чүй проспектисинде капиталдык оңдоо иштери башталат.

Капиталдык оңдоонун биринчи этабында Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.

Чүй проспектисинде жол тилкеси Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.