Марал Радиосу

Испания Украинага Leopard танктарын жөнөттү

Испания Украинага аскердик жардамдын жаңы партиясын жөнөтүүдө. Ага  Leopard 2A4 танктарынан он даана, бир нече экскаватор жана танкка каршы ракеталар кирет. Бул тууралуу Испаниянын Коргоо министрлигинин сайтында кабарланды.

Cогуштук унаалар Алкала-де-Гуадейра шаарында капиталдык оңдоодон жана сыноодон өткөн.

Испаниянын Коргоо министрлиги жардамдын жаңы партиясы ушул дем алыш күндөрү Польшага жеткирилип, андан кийин украин аскерлерине жөнөтүлөрүн белгиледи.

Мадрид Киевге ушул үлгүдөгү танктардан жалпысынан 20 даана берди жана 2024-жылдын экинчи жарымында дагы бир партия жөнөтүүнү пландоодо.