Марал Радиосу

Эдил Байсалов депутаттардын көбү министр болгусу келерин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Накта подкаст” ютуб каналына берген маегинде бүгүнкү күндө көп депутаттар министр болгусу келет деген оюн айтты.

Анын пикиринде, депутаттардын көбү өкмөт мүчөлөрүнө катуу айтуу менен популярдуу болобуз деп ойлошот. Ал эми эң эффективдүү депутаттар тынч эле өз округундагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылышат.

«Кээ бирлер туура эмес түшүнөт. Мен депутаттарга каршы эмесмин, көптөгөн маселелер боюнча алардын кызыкчылыгын жактап турам. Себеби өкмөттө да, президенттин администрациясында алардын ролу бар. Аны колдоно албай да калып жатышат. Бирок мыйзам чыгаруу боюнча гана. Ал эми “бул жолду мындай курасыңар, ушуну аткарасыңар” дегендери депутаттардын конституциялык функциясына кирбейт, бул бийликти узурпациялоого кирет. Депутаттар мыйзам чыгарып, президенттин күн тартибин колдоп бериши керек. Парламентте көбүрөөк чыр болуп, сурак алса эле, демократия деп кабыл албаш керек» , — деди Байсалов.

Мындан тышкары, азыркы күндө жаштар депутат эмес, министр болгусу келерин кошумчалады. Депутаттардын да көбүнчөсү министр болгусу келерин айтты.

Ал буга чейин өзүн кызматтан кетирүү аракети болгону жөнүндө мындай пикир кошту:

«Саясатта “териң жоон болуп, эс тутумуң начар болушу керек” деп айтылат. Көп сын-пикирлерге терикпеш керек. Капа боло берсең саясатка барбай эле коюш керек. Айта кетчү нерсе, кайсы бир уюшулган топтордон, мурунку мафиялардан муну иштен кетиришибиз керек деген атайын буюртмалар түшкөн. Бир канча депутат ал заказды билген, билбегендери да дүрбөдү. Анткени мен дагы алардын куйруктарын басканбыз. Анан алар мени жоготуш керек дешкен” , — деди Байсалов.

Буга чейин парламенттеги бир канча фракция Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылышкан.