Марал Радиосу

Кыргызстандык окуучулар Кытайдагы олимпиадада алты медаль утуп алышты

Кыргызстандык окуучулар Кытайда өткөн математика боюнча олимпиадада алты медаль утуп алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

«Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Ян Бобрус күмүш медаль утту. Ал эми эл аралык UWIS мектебинин окуучусу Элдар Искандеров, Жайыл Баатыр атындагы лицейдин окуучусу Искен Кенжебаев, Е.Б.Якир атындагы №61 мектептин окуучусу Назар Киргизбаев, №70 мектептин окуучусу Султан Мусаходжаев жана «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Нурсултан Эшперов коло медаль утуп алышты.

Кыргызстандык окуучулар 15-июндан 4-июлга чейин Кытайдын Пекин шаарында IMSC жайкы программасына катышып, быйыл Англиянын Бат шаарында өтө турган Эл аралык математикалык олимпиадага (IMO) даярданышты. Учурда кыргыз курама командасы Англияга жөнөп кетти.