Марал Радиосу

Телефон алдамчылыгынан кантип коргонуу керек? ИИМден кеңеш

Ички иштер министрлиги жарандарды интернет алдамчыларынын торуна түшүп калбаш үчүн сак болушу керектигин эскертти. Министрликтин маалыматына караганда, телефон аркылуу жарандарды алдоо менен алектенгендер көбөйүүдө.

Мындай алдамчылыктын бир катар белгилери бар:

Алдамчылар адатта түздөн-түз төлөө ыкмасы жөнүндө сүйлөшүүгө өтүшөт, банк картасынын толук реквизиттерин, жарактуулук мөөнөтүн жана кодун атоону, төлөм жүргүзүү үчүн зарыл болгон уюлдук телефонго сизге келе турган ар кандай коддорду кабарлоону суранышат.

Мисалы, алар кайсы бир бир уюмдан экенин билдирип, телефон чалып же маалымат жөнөтүп, жашыруун коддорду атоону суранып, айрым маалыматтарды алуу үчүн жарандарды алдоого аракет кылышат.

Каржылык мекеменин атынан интернет шилтемеси бар SMS алсаңыз, шилтемени ачпаңыз жана SMSке жооп бербеңиз. Чабуулчулардын максаты — адамды жөнөтүлгөн шилтемени ачууга жана жашыруун кирүү коддоруңузду билип алууга аракет кылышат.

Адатта банктар же кандайдыр бир каржы институттары шилтемелер менен SMS жөнөтүшпөйт.

Кылмышкерлер алдамчылыктын бардык жаңы түрлөрүн ойлоп табат. Мисалы, сизге уюлдук компаниянын инженеримин, уюлдук байланыш оператору болом деп өзүн тааныштырган адамдан телефон чалуу келет. Анан алар уюлдук линияны текшерип, сандар менен символдордун комбинациясын басууну суранышат. Алар сунуштаган сандарды же символдорду баспаңыз. Бул сиздин акча каражатыңыз сакталуучу картаңызга кирүү аракети болушу мүмкүн. Мындай учурларда, сиз дароо сүйлөшүүнү токтотушуңуз керек.