Марал Радиосу

Улуттук «Манас» театрынын жетекчиси алмашты

Улуттук «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу кызматынан бошотулду. Маалыматка караганда, жетекчинин орун басары Шайырбек Абдырахман уулу да кызматынан бошотулду.

Азиз Биймырза уулу Улуттук «Манас» театрынын жетекчилигине 2021-жылы сентябрда дайындалган.

Улуттук «Манас» театрынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Нурбек Таланбеков дайындалганы маалым болду. Ал буга чейин театрдын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Аталган театр 2021-жылдын сентябрь айында «Манас» эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо жана жайылтуу максатында негизделген.

Президенттин ушул жылдын 17-февралдагы жарлыгы менен ага улуттук макамы ыйгарылган.