Марал Радиосу

Бишкек мэри шаарда троллейбус менен жүргөндөр азайды деп эсептейт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада троллейбус менен жүргөндөр азайды деп эсептейт.

Ал «Ала-Тоо 24» телеканалына берген комментарийинде 2023-жылдын беш айында 11 миллион 700 миңден ашуун жаран троллейбус колдонгонун айтты.

Ал эми быйылкы жылдын ушул мезгилинде троллейбус менен 8 миллион тургун пайдаланган.

«Троллейбусту пайдалангандардын саны азайып жатат, анан эмне себептен коомдук транспорттон троллейбусту алып салууга каршы чыгып жатышат, мага түшүнүксүз. Жол тыгын болгон үчүн биз аргасыздан көптөгөн маршруттарды өзгөрттүк. Ошол себептен троллейбус каттамдарынын жүрүшү ыңгайсыз болуп калды, анын багытын өзгөртө албайбыз.

Троллейбус эң арзан, коопсуз, эч кандай күйүүчү заттарды талап кылбаган коомдук транспорт деп көп айтышат, бул калп, туура эмес түшүнүк» , — деди мэр.

Анын маалыматына караганда, Бишкекте күнүнө каттамга 110-115 троллейбус чыгат. Ага бюджеттен каралып жаткан акчанын көлөмү 205 мл сомду түзөт.

Ал эми 1200 автобуска жергиликтүү бюджеттен каралып жаткан субсидия 638 млн сомду түзөт.

Шаар мэри троллейбустардын ордуна 120 электробус алынарын кайталап, тендер өткөнүн, компания белгилүү экенин айтты. Электробустарды кубаттоочу станцияларды куруу маселеси чечиле элек. Бул маселелер ушул жылдын аягына чейин бүтөрү пландалууда.

Айбек Жунушалиев буга чейин Бишкекте коомдук транспорттон троллейбустар толук алынарын айткан.

«Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, азыр жарнамалык такталар да тазаланууда. Электр өткөрүүчү зымдар, кабелдер жер астына өткөрүлүп жатат. Экинчиден, троллейбус өз багыты боюнча белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрөт. Аны убактылуу башка көчөлөргө бура албайбыз. Электробустар жана башка транспорт каражаттары мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүдө жардамы да тиет. Ошондой эле биз троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны кыскарганын да байкап, ушундай чечимге келдик», — деди Айбек Жунушалиев.

7-июлдан тарта борбордо эки гана троллейбустук каттам калтырылган. Учурда №11 жана №14 троллейбус каттамы жүрүүдө.

Бишкекте коомдук транспорттон троллейбустар алынарына байланыштуу жарандык активисттер нааразылык билдирип, бир катар акцияларды өткөргөн.