Марал Радиосу

Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү ачылды

Бүгүн, 15-июлда Бишкек шаарындагы Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жогоруда аталган участокто капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин Токомбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнүн бир бөлүгү ачылган.

Бүгүнкү күндө Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабык бойдон калууда.