Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча 14-июль күнү катталган селдин кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы 3 айыл аймакта. Мады, Датка, Баш-Булакта социалдык объектилер жабыркады.
Анын ичинде 9 социалдык объекти — 4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП. 642 турак үй.
Ош шаарында бир бала бакча, 146 турак үйгө сел суусу кирген.
Жеринде тактоо иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.
Учурда сел жүргөн Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Араван, Өзгөн, Ноокат райондорунда, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай жана башка райондорунда жолдорду калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланууда.
Сел агызып кеткен төрт адамдын сөөгү табыла элек. 15-июль күнү 7 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандан табылган.