Марал Радиосу

Футбол: Испания Европа чемпионатын утуп алды

Футбол боюнча Европа чемпионатынын финалында Испаниянын курама командасы Англияны жеңип, Европа чемпиону болду. Оюн 15-июлга караган түнү Германиянын борбору Берлинде өттү.

Финалдын биринчи жарымы голсуз тең чыгуу менен аяктады. Оюндун экинчи бөлүгүндө 47-мүнөттө англиялыктардын дарбазасына алгачкы голду Нико Уильямс киргизди. Англичандардын машыктыруучусу Гарет Саутгейт эки алмаштыруу жасагандан кийин, 73-мүнөттө таамай соккунун натыйжасында Коул Палмер Испания менен эсепти теңдеди.

Оюн аяктап калганда Микель Оярсабаль испан командасына 2:1 эсебинде жеңиш алып келди.

Испаниянын курама командасы төртүнчү жолу Европа чемпиону болду. Бул Европанын бардык командаларынын арасындагы рекорд. Буга чейин испаниялыктар 1964, 2008 жана 2012-жылдары жеңишке жетишкен.

Европа чемпионаты Германияда 14-июндан 14-июлга чейин өтүп, ага жалпысынан 24 команда катышты.