Марал Радиосу

Оштогу борбордук базарды сел суулары каптады

Ош шаарында жүргөн сел борбордук базарды да каптаганы кабарланууда. Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөт-видео жарыялап жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаарында алдын ала маалымат боюнча, саат 14:00 чамасында Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында сел жүргөнүн билдирген.

Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө, алдын ала маалымат боюнча 400дөй адам коопсуз жайга көчүрүлдү.

Бүгүн ошондой эле Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан сел жүргөн.

Ош – Гүлчө – Эркечтам унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырыма чейинки бөлүгүндө кум-шагыл толуп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Андан сырткары турак-жайлардын короо-сарайларына жана жертөлөлөрүнө сел суулары кирген.

Ноокат районунда саат 13:30 чамасында Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылы Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 57-чакырымында сел жүрүп, унаа жол убактылуу жабылган. Жолду ачууга техника тартылды.