Марал Радиосу

Селден улам Ош – Гүлчө – Эркечтам жолу жабылды

Бүгүн, 14-июль күнү саат 14:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан сел жүргөн.

Ош – Гүлчө – Эркечтам унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырыма чейинки бөлүгүндө кум-шагыл толуп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Андан сырткары турак-жайлардын короо-сарайларына жана жертөлөлөрүнө сел суулары кирген.

Ал эми Ош шаарында алдын ала маалымат боюнча, саат 14:00 чамасында Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Ноокат районунда саат 13:30 чамасында Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылы Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 57-чакырымында сел жүрүп, унаа жол убактылуу жабылган. Жолду ачууга техника тартылды.