Марал Радиосу

Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн дрон колдонулуп жатат

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда акыркы учурда жол кырсыктары көп болгонуна байланыштуу дрон учурулуп, байкоо жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Учурда Ысык-Көлгө бара жаткан жолдогу айланып өтүүчү жолдо дрондор учурулууда. Алар автоунаалардын катуу ылдамдыкта жана каршы тилкеге ​​баратканын байкоого алат. Ал эми трассанын 1-2 чакырымдан ары жагында инспекторлор тартип бузгандарды токтотуп, протокол түзүүдө.