Марал Радиосу

ЖОЖдор окутуунун баасын жогорулашы мүмкүн

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтерди көтөрүүгө тыюу салуу алынды.

«Токтом» порталындагы маалыматка караганда, мамлекеттик жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын экономикалык негиздерин жакшыртуу, алардын кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында президенттин жарлыгы менен мурда Кыргызстандын жогорку жана орто кесиптик билим берүү мамлекеттик уюмдарында акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын тарифтерин жогорулатууга тыюу салуу алынды.

Жарлык расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.