Марал Радиосу

Таштандыны белгиленбеген жайларга ыргыткандарга айып салынууда

Бишкектин “Тазалык” муниципалдык ишканасы таштандыларды белгиленбеген жерге төккөндөр менен күрөшүү чараларын күчөтүүдө.

Мэрия курулуш, тигүү жана башка нерселердин калдыктарын таштаган жарандарды аныктоо үчүн  таштанды топтолгон жерлерге видеокөзөмөл камераларын орното баштады.

Келип түшкөн видеоматериалдар мэриянын муниципалдык инспекциясына өткөрүлүп, анын негизинде айып пул салынат.

Белгиленбеген жерлерге таштанды ыргыткандарга укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык чаралар көрүлөт.