Марал Радиосу

УКМК: Кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылылды

Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жашырылган мүлкүн аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, «Натур энержи» ЖЧКсынын директору А.у.А. Көлбаевдин жакын адамы Р.Т.К. менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталды.

Бул компанияга Талас облусунун Айтматов жана Талас райондорунда жайгашкан аңчылык жерлери таандык болуп, алардын жалпы аянты 423 миң 966 гектарды түзөт. Ал эми Талас облусунун жалпы аянты 1 млн 140 миң гектарды түзсө, облустун 1/3 бөлүгүн аңчылык жерлери ээлейт.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган аңчылык чарбалар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.

Биоресурстар 4 млн 465 миң 550 сомго бааланды.