Марал Радиосу

Эсептөө палатасы: Эмгек министрлигинде 150 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2022-жылга карата ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү. Эсептөө палатасынан билдиришкендей, анын натыйжасында жалпы суммасы 149 млн 944 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар, ошондой эле бюджеттин жоготуулары жана сарамжалсыз пайдаланылган каражаттар аныкталды.

Бул сумманын 43 млн 876 миң сому эмгек акыны эсептөө жана төлөө бөлүгүнө туура келет.

2 млн 151 миң сом суммасында финансылык мыйзам бузуулар аныкталган, анын ичинен 295,6 миң сом калыбына келтирилген.

Ал эми бюджетке кошумча чегерилген кирешелери 264 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, 147 млн 528,7 миң сом суммасындагы бюджеттин резервдери жана жоготуулары аныкталды.