Марал Радиосу

Аба ырайы: Күн 36 градуска чейин ысыйт

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27.

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын  температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус болот.