Марал Радиосу

Султан Раев Европанын так илимдер академиясынын академиги болду

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев Европа так илимдер академиясынын (Europäische Akademie der Natürwissenschaften) академиги болду.

Академик наамын тапшыруу аземи 18-октябрда болорун академиядан билдиришти.

Европалык Так илимдер академиясы дүйнөнүн илимий, интеллектуалдык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүн бириктирет. Штаб-квартирасы Германиянын Ганновер шаарында жайгашкан.

Уюмдун курамына дүйнөлүк маданияттын жана искусствонун өкүлдөрү, гуманитардык, табият таануу, билим жана маданият тармагына зор салым кошкон белгилүү инсандар кирет.

Султан Раев Кыргызстанда биринчилерден болуп Европанын так илимдер академиясынын толук кандуу мүчөсү болуп шайланды.

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург Султан Раев 1958-жылы 13-июлда Кара-Суу районунун Жоош айылында туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика жана коомдук байланыш факультетинен стажировкадан өтүп келген.

Өлкөдөгү «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш» (эгемендик алгандан кийин, «Жаштык жарчысы», «Асаба» болуп өзгөргөн) гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары, «Кыргыз Руху» гезитинде башкы редактор болуп эмгектенген.

2002-жылы Улуу Британияга чакырылып, ханыша Елизавета IIнин колунан атайын белек алган. Андан келгенден кийин Билим берүү жана маданият министринин орун басары кызматына дайындалган. Ошондой эле эки ирет маданият министри болгон.

2015-жылдан 2020-жылга чейин мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаевдин жана Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болгон.

Булардан тышкары «Азаттык» радиосунда кабарчы, «Маданиятты жана искусствону колдоо» коомдук фондунда башкы директор, Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү мамлекеттик комиссиясында төрага болуп да иштеген.

Султан Раев адабиятка 1987-жылы «Чаң жол» аңгемелер жыйнагы менен келген. 1990-жылы жарык көргөн «Күн кармаган бала» повесттер жана аңгемелер жыйнагы үчүн Бүткүлсоюздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон.

Андан тышкары «Пусу», «Топон», «Антистандарт», «Жан жаза» сыяктуу китептердин автору. Анын «Кашар», «Оо, кыздар», «Ханышанын көз жашы», «Илегилек» сыяктуу бир катар драмалары чет өлкөнүн сахналарына да коюлган.