Марал Радиосу

Mega компаниясынын жетекчиси алмашты

«Альфа Телеком» ишканасынын (Mega) башкы директору болуп Элнар Субакожоев дайындалды.

Мындай чечим Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын 10-июлдагы кезексиз жыйынында кабыл алынганы белгилүү болду.

Элнар Субакожоев 2021-жылдан бери MEGA компаниясынын коммерциялык блогун жетектеп келген. Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчиси, “Манас” эл аралык аэропортунун коммерциялык директору болгон.

2023-жылдын сентябрынан бери «Альфа Телеком» компаниясынын башкы директорлугун аркалап келген Айбек Күрөңкеев кызматынан өз каалоосу менен кетүүнү чечкени кабарланды.