Марал Радиосу

Ымыркайларга эң көп коюлган ысымдар аталды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2024-жылдын 6 айында ымыркайларга эң көп коюлган ысымдарды атады. Эркек балдар арасында эң көп коюлган ысым Мухаммад, кыздар арасында Салиха болду.

Эркек балдар арасында эң көп коюлган 10 ысым:

Мухаммад – 3667, Умар – 2181, Али – 1659, Рамазан – 1428, Амир – 1370, Билал – 1190, Усман – 1096, Алихан – 1012, Нурислам – 930, Мухаммед – 849.

Кыздар арасында 10 эң популярдуу ысым:

Салиха – 2043, Фатима – 1489, Айлин – 1451, Сафия – 1400, Амина – 1389, Алия – 1361, Раяна – 1273, Аиша – 1244, Хадича – 1181, Аруузат – 1102.

Жалпысынан быйыл жарым жылда Кыргызстанда 60 миңге жакын бала төрөлсө, алардын 33 370и кыз, 35 359 эркек бала.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2021-жылы да жаңы төрөлгөн эркек балдарга Махаммад жана кыз балага Салиха деген ат эң көп коюлганын билдирген.