Марал Радиосу

Футбол: Европа чемпионатынын биринчи финалисти аныкталды

MUNICH - (l-r) Jesus Navas of Spain, Lamine Yamal of Spain, Theo Hernandez of France, Kylian Mbappe of France during the UEFA EURO 2024 semi-final match between Spain and France at the Munich Football Arena on July 9, 2024 in Munich, Germany. ANP | Hollandse Hoogte | Maurice van Steen (Photo by ANP via Getty Images)

Футбол боюнча быйылкы жылдагы Европа чемпионатынын жарым финалында Испаниянын командасы Францияны 2:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Оюн 9-июлда Мюнхенде 66 миң көрүүчүнүн катышуусунда өттү.

Эми Нидерланды-Англия командаларынын жарым финалдык оюну 10-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө өтөт. Бул командалардын жеңүүчүсү менен Испания финалда ойнойт.

Европа чемпионаты 14-июнда Германияда башталган, 14-июлга чейин болот.