Марал Радиосу

Бишкекте эки автобус каттамы ачылды

Бүгүн, 10-июлдан тарта Бишкек шаарында №25 жана №175 муниципалдык автобус каттамдары иштей баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

№25 автобустун акыркы аялдамасы “Ала-Тоо” жана “Кара-Жыгач” конуштарында жайгашат. Күн сайын 22 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Ал эми №175 автобустун акыркы аялдамасы шаардын жогорку бөлүгүндөгү “Жаштар кварталында” жана “Маевка” айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Мэрия бул автобус каттамдары шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилгенин билдирди.