Марал Радиосу

«Манас» аэропортунун жергиликтүү каттамдар үчүн учуу залы жаңыланды

«Манас» эл аралык аэропортунда капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин жергиликтүү авиакаттамдар үчүн жаңыланган учуу залы ачылды.

Бул тууралуу аталган аба майдандын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жаңы залда (стерилдүү аймак) кенен жана ыңгайлуу отургучтар, эне жана бала бөлмөсү, намазкана бар.