Марал Радиосу

Кадастр мекемесинин кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Э.К.А. аттуу кызматкери 2 миң доллар өлчөмүндө пара алууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, мамлекеттик кызматкер жергиликтүү жарандан камакка алынган жана кайра каттоодон баш тартылган турак жай комплекстеринин бириндеги эки унаа токтотуучу жайды кайра каттаткандыгы үчүн 3 миң доллар опузалагандыгы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 5-июлда Кадастр мекемесинин кызматкери кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.